Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге чечкиндүүлүк кыла албоо, белсенип кирише албоо, батына албоо, тарткынчыктанган абалда болуу. Кундуз демин ичине жыйып, жакшы эле бир нерсе айтмакчы болот, бирок, кайра эле ошого жүрөгү даап бара албай оозун жыйып алат (Акматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Батына албоо, кооптонгон, тарткынчактаган абалда болуу. Эшикти ачып кароого жүрөгү даабады (Жантөшев). Кундуз демин ичине жыйып, жакшы эле бир нерсе айтмакчы болот, бирок, кайра эле ошого жүрөгү даап бара албай оозун жыйып алат (Акматов).